dcsimg

Микоплазмалар ( Kirghiz; Kyrgyz )

provided by wikipedia emerging languages
 src=
Spiroplasma sp.

Микоплазмалар (лат. Mollicutes) – клетка капталы жок, плазма мембранасы менен гана чектелген бактериялар классы. Формасы өзгөрмө, кээде жип сымал өсүндүсү бар майда, адатта кыймылсыз клеткалар. Эң жөнөкөй кокк сымал түзүлүштүү денече пайда кылуу же бөлүнүү жолу менен көбөйөт. Микоплазмалар – көбүнчө көп клеткалуу организмдердин клетка аралык ткандарында өсүүчү сапрофиттер же мителер. Айрымдары адамдын (өпкөнүн сезгениши), жаныбарлардын (уйдун өлөт ылаңы) жана өсүмдүктөрдүн илдетин пайда кылат. Кээ бир микоплазмалар анаэробдуу бактерияларды ажыратууга жөндөмдүү.

Колдонулган адабияттар

license
cc-by-sa-3.0
copyright
Wikipedia жазуучу жана редактор